Биз менен байланышыңыз

Алдамчылык боюнча шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 551 | 0

Алдамчылык ишине шектүү катары Ысык-Көл облусунун 1984-жылы туулган Ж. У. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Шектүү жаран 2015-жылдын аягында ишкердин ишенимине кирип, 69 миң сомдук товарын алдоо жолу менен ээлеп алгандан соң изин жашырып кеткен.

Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.

Учурда кылмыш ишине байланыштуу сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM