Биз менен байланышыңыз

2018-жылы өнөр жай өндүрүшү ЕАЭБке кирген өлкөлөрдө төмөндөдү

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 598 | 0

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшү Орусияны кошпогондо, Бажы биримдигине кирген бардык өлкөлөрдө төмөндөдү. Мындай маалыматты КМШнын статкомитети билдирди.

Өткөн жылы өнөр жай өндүрүшүндөгү жогорку өсүү Беларусияда байкалган-5,7%. Бирок бул мурунку жылга салыштырмалуу аз экендиги айтылган.

Ал эми Кыргызстанда 2018-жылы өнөр жай өндүрүшүндөгү өсүү 5,4 пайызга жеткен. Бирок бул сандар 2017-жылга салыштырмалуу аз (2017-жыл-11.5%.).

Арменияда болсо өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 4,3%ды тузгөн. 2017-жылы болсо 12,5 пайызды түзгөн болчу. Казакстанда өнөр жай өндүрүшүндөгү өсүү 2018-жылы 4,1 пайызды түзсө, 2017-жылы 7,1 пайызды түзгөн.

Бир гана Орусияда өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү 2,9 пайызды түзгөн. 2017-жылы 2,1 пайызды түзгөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM