Биз менен байланышыңыз

Новиков: ИШИМ Афганистанда ордо курууда

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 642 | 0

«Сирия жана Ирактан качкан ИШИМ террордук тобунун кишилери Афганистанда топтолуп, өз түнөгүн курууда. Бул коркунуч жалпы Орто Азияны тооруйт».

Мындай пикирин КМШнын Терроризмге каршы күрөшүү кызматтарынын жыйынында КМШ боюнча борбордун жетекчиси Андрей Новиков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин божомолдонуп жаткан жагдай, тилекке каршы, тастыкталды. ИШИМ жана башка топтордун мүчөлөрү Афганистанда кубаттуу ордосун түзүүгө жетишүүдө.

Мындан сырткары аталган топтун «Жаңы көч» деп аталган долбоорунун КМШ мамлекеттеринин ичинде да ээн-эркин күч топтоо ыктымалдыгы жогору.

Эске салсак, терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыктын жыйынына Кыргызстан, Казакстан, Армения, Белорусия, Тажикстан жана Орусия сыяктуу мүчөлөр катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM