Биз менен байланышыңыз

КМШ Өкмөт башчыларынын жыйынында 17 документке кол коюлду (тизме)

Кыска кабар | 26 Окт 2019 | 802 | 0

Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

  1. КМШга мүчө мамлекекттер коомунун санариптик өнүгүү тармагында кызматташуу Концепциясы жөнүндө жана Аны аткаруудагы алгачкы иш-чаралардын планы жөнүндө;
  2. КМШга мүчө мамлекеттердин маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу стратегиясы жөнүндө;
  3. Каражаттардын жана заттардын курамынын, касиетинин стандарттык үлгүлөрүн түзүү жана колдонуудагы кызматташуу жөнүндө келишим;
  4. КМШга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейин ньюкасл илдетин, канаттуулар тумоосун алдын алууда жана дарылоодо биргелешкен иш-аркеттер жөнүндө;
  5. КМШга мүчө мамлекеттердин Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттар жөнүндө;
  6. КМШга мүчө мамлекеттердин 2019-2024-жылдарга карата радионавигация тармагын өнүктүрүүдөгү негизги багыттары жөнүндө;
  7. 2018-жылдагы «Уран өндүрүшүнүн таасиринде калган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо» Мамлекеттер аралык максаттуу программанын ишке ашырылшы жөнүндө;
  8. 2020-2024-жылдары Ооганстандагы 1979–1989-жыдары согуш учурунда дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөө, көмүлгөн жерин издөө,  эксгумация жана сөөктөрдүн өздүгүн аныктоо, мекенинде кайра көмүү иштерин улантуу жөнүндө;
  9. КМШга мүчө мамлекеттердин оюндары жөнүндө;
  10. КМШга мүчө мамлекеттердин 2000-жылдын 30-ноябрындагы баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуу боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн Протоколу жөнүндө;
  11. КМШга мүчө мамлекеттердеги органдарынын 2018-жылдагы бирдиктүү бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдагы ишмердигин камсыз кылуудагы финансы маселелери жөнүндө;
  12. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдөгү үлүштүк төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн өзгөрүүсү жөнүндө;
  13. КМШга мүчө мамлекеттердин органдарынын 2020-жылга карата бирдиктүү бюджети жөнүндө;
  14. КМШга мүчө мамлекеттердин Экономикалык сотунун ишмердигинин айрым маселелери жөнүндө;
  15. 2020-жылга чейинки КМШ мүчө өлкөлөрдөгү согуш ардагерлери – локалдык конфликттердин катышуучулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртуу жана  медициналык-социалдык көмөк көрсөтүүнү мындан ары карай өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын ушул жылы каржылоо жөнүндө;
  16. 2016-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттерде абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражатын пайдалануу жана КМШ мүчө-мамлекеттерде Коргоо министрлер кеңешине караштуу абадан болуучу чабуулдан коргонуу маселеси боюнча Координациялык Комитеттин ишин камсыздоо тууралуу;
  17. 2020-жылы КМШ мамлекеттеринде абадан коргонуунун бириккен тутумун түзүү жана өнүктүрүүгө акча каражатын бөлүү.

Copyright © 2017 Maral FM