Биз менен байланышыңыз

Орусия КМШ өлкөлөрүнө COVID-19 вирусун аныктоочу тест берет

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 613 | 0

Орусия буга чейин КМШ өлкөлөрүнө COVID-19 вирусун ыкчам аныктоочу тесттерди берген. Ошондой эле апрель-май айларында дагы 3 миңден ашык мындай тест комплекттерди бере турганын РБК агентиги өзүнүн булактарына таянып жазды.

Жаздын аягына чейин Орусия КМШ өлкөлөрүнө лабораториялык диагностика коюу үчүн 3065 тест топтомдорун жөнөтөт. Алардын ар бири коронавирус боюнча 100гө чейин изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Март айында Орусия шериктеш өлкөлөргө «Вектор» илимий борбору тарабынан иштелип чыккан 1376 тест топтомун жөнөткөн.

Учурда Орусияда коронавирус жуктургандардын саны 4149га жетти. Алардын ичинен 281 адам айыгып, 38 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM