Биз менен байланышыңыз

Тез жардам унаалары керектүү сандан 3 эсе аз

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 721 | 0

Бишкек шаарынын калкын 120 тез жардам унаасынын ордуна 38 унаа тейлейт. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, 10 миң адамга бир тез жардам унаасы болуш керек. 2018-жылдын 1-февралына карата Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 1 млн 35 миң адам расмий түрдө катталган.

Эсеп боюнча бизге күнү-түнү иштөөгө 120 тез жардам  унаасы керек. Факты боюнча бизде 38-39 тез жардам бригадасы бар. Бирок алардын 32-33ү күнү-түнү иштейт. Эски Фрунзе менен салыштырып көрсөк 540 миң адамга 60 тез жардам бригадасы эмгектенген”, -деди Искендер Шаяхметов.

Ошондой эле Шаяхметов тез жардам бригадаларынын жетишсиздиги калктын нааразычылыктарын пайда кылып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, унаалардын жетишсиздигинен тез жардам кызматы чакырылган жерге 20 мүнөттөн 3 саатка чейинки аралыкта барат.

 

Copyright © 2017 Maral FM