Биз менен байланышыңыз

“Ош-Ташкент-Ош” авиакаттамын уюштуруу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 463 | 0

“Ош-Ташкент-Ош” багытындагы авиакаттамдарды уюштуруу жөнүндө маселелерди 18-февралда Кыргызстандын  Өзбекстандагы  элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстандын Учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө инспекциясынын башчысы Толиб Улжаев менен болгон жолугушууда талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер минисртлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Өзбекстандын ишканаларынын кызматкерлерине Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарда уюштурулуп жаткан эс алуулардын жана туристтердин санынын көбөйүүсүн эске алып, “Ташкент-Тамчы” маршрутундагы чартердик каттамдарды кайрадан баштоо боюнча сунушун киргизди.

Copyright © 2017 Maral FM