Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары жолугушту

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 495 | 0

Бүгүн, 3-февралда Ташкентте «С5+1» форматындагы министрлик жолугушуунун алкагында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Министрлер кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн мындан аркы жолдорун талкуулашты.

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр процессине, соода жана экономикалык кызматташтык маселелерине, ошондой эле көп тараптуу аянтчаларда биргелешкен күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурулду.

Copyright © 2017 Maral FM