Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Чынгыз Айтматовду эскерүү кечесин өткөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 475 | 0

Бүгүн, 13-декабрда Мирзо Улугбек атындагы Өзбек улуттук университетинде дүйнөлүк залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 93 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага эл аралык Айтматов академиясынын мүчөсү Ахмаджон Мелибоев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, университеттин окуу иштери боюнча биринчи проректору Шухрат Тошматов жана ошондой эле «Кабар» маалымат агенттигинин Өзбекстандагы өз кабарчысы Төлөнбай Курбанов, окуу жайдын профессор-окутуучулары, студенттери катышты.

Ибрагим Жунусов Чынгыз Айтматовдун бүткүл дүйнө окурмандарын багынткан кайталангыс талантынын зор маанисин белгилеп, залкар жазуучунун жаркын элесине аялуу мамиле көрсөткөнү, иш-чарага катышканы үчүн баарына ыраазычылык билдирди.

Конференциянын алкагында филология илимдеринин доктору Хамидулла Болтобоев, Өзбекстандын эл жазуучусу Исажон Султон жана башкалар баяндама жасашты.

Конференцияда Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы талкууланды. Ошондой эле китеп көргөзмөсү да болуп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM