Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 1226 | 0

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин колдоду. Анын талапкерлигин депутаттарга Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова тааныштырды.

Жунусов эл өкүлдөрүнүн ишеничин актап, өлкөнү уят кылбай иштеп берүүгө аракет кыларын айтты.

Ибрагим Жунусов 2014-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген.

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Данияр Сыдыков 2018-жылдын март айында президенттик аппараттын тышкы саясаты бөлүмүнүн жетекчилигине дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM