Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн Тажикстандагы жана Өзбекстандагы жаңы элчилери дайындалды

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 599 | 0

Кыргызстандын Тажикстандагы жана Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери дайындалды. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Ага ылайык, Тажикстанга Жаныш Рустенбеков, Өзбекстанга Ибрагим Жунусов дайындалды.

Кошумчалай кетсек, Рустенбеков бир канча күн мурун Түркмөнстандагы элчилик миссиясын жыйынтыктаган болчу. Ал эми Ибрагим Жунусов буга чейин Түркияда элчилик кызматты аракалап турган.

Copyright © 2017 Maral FM