Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тыгындарды жоюу үчүн кошумча жол чырактар орнотулат

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 414 | 0

Бишкекте жол тыгындарын жоюу үчүн кошумча жол чырак жана белгилер орнотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, 12-февралдан тарта “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, айрым көчөлөрдүн кесилишинде жол тыгыны пайда болгону айтылган.

Мындан улам мэрия жыйын өткөрүп, калаадагы бир топ көчөлөрдүн кесилишине кошумча жол чырактарды орнотуу чечимине келишти. Алар:

-7-апрель менен Горкий көчөлөрүнүн кесилиши, түндүктөн түштүктү карай бара жатканда солго бурулууга кошумча белги орнотулат. Аталган кесилиште 4 тилке болот;

-Курманжан датка менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишиндеги жол чырактын орду өзгөрөт жана кошумча белгилер үчүн бөлүнгөн убакыт көбөйтүлөт;

-Чүй кең көчөсү менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде батыш тараптан чыгышты көздөй келе жатканда экинчи тилкеден солго бурулууга уруксат берилет.

Ошондой эле Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын жөө адамдар өтүүчү тилкесиндеги тыгынды эске алып, бул маселени мэрия айдоочулар, активисттер, эксперттер жана жарандар менен бирге талкуулайт.

Кошумчалай кетсек, жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулун эки жумада төлөсө 50 пайызы кемитилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерге билдирди. Айыпты банк жана «Кыргыз почтасы» аркылуу төлөөгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM