Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы салык төлөөчүлөр үчүн семинарларды өткөрүүдө

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 603 | 0

Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча салык төлөөчүлөр жана айматык салык органдарынын кызматкерлери арасында салык салуудагы актуалдуу маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Семинарлардын катышуучулары бирдиктүү салык декларациясын берүү, салык төлөөчүнү салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо жана жоюу тартиби, ЕАЭБдин алкагында салык отчетторун берүү жана салыктарды төлөө жол-жобосу, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу маселелери боюнча мыйзамдарынын ченемдерин туура колдонуу боюнча түшүнүк алышат.

Алгачкы семинарлар Бишкек шаарынын 4 районунда 15-февралда өттү.

18-19-февралдарда Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында өтөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында 20-февралда, Баткенде – 21-февралда жана Талас облусунда – 22-февралда өткөрүлмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM