Биз менен байланышыңыз

Скрипаль ууланган шаарда орус желеги пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 579 | 0

Британиянын Солсбери шаарындагы курулуш шаарчасында курулуп жаткан чиркөөнүн дубалына белгисиз кишилер Орусиянын мамлекеттик желегин илип кетишкен.

Бул тууралуу BBC орус кызматы жазды.

Эске салсак, бул шаар бозгундагы орусиялык тыңчы Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууланган жери. Кылмышка шектелген эки орус жараны Солсбериге турист катары, курулуп жаткан чиркөөнү зыяратка келгенин айтышкан болчу.

Узуну 10м, туурасы 7 м болгон желек храмдын дубалында бир сааттан ашуун илинип турду. Түндө илингени божомолдонгон желекти таңкы 07:15 чамасында байкашып, 08:30да алып коюшкан.

Шаар жетекчилиги азырынча иш боюнча божомолдоо эрте экенин, бул чагым болуусу ыктымал экенин билдирди.

Кошумчаласак, Солсбериде ууланган Скрипаль окуясынын айынан Орусиянын Британия баш болгон бир катар европалык мамлекеттер менен мамилеси бузулган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM