Биз менен байланышыңыз

Борис Жонсон менен Владимир Путин Берлин саммитинде жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 616 | 0

Бул Путиндин Жонсон британ өкмөтүн жетектеп тургандагы алгачкы жолугушуусу болду. Даунинг-стриттин расмий маалыматында сүйлөшүүлөрдүн учурунда британ премьери орус президентине эки өлкөнүн ортосундагы мамиле Солсберидеги инцидентке байланыштуу өзгөрбөй тургандыгын төмөнкүчө билдирди:

Эгерде Орусия Улуу Британиянын жана анын создаштарынын, ошондой эле анын жарандарынын коопсуздугуна, жамааттык коопсуздукка коркунуч жараткан бузукучулук аракеттерин токтотпосо, эки өлкөнүн мамилесинде жылуулук болбойт. Орусия Улуу Британиянын аймагында кол салууларын токтотушу керек, — деп Британ премьери орус президентине эскертүү берген.

Ал эми орус президентинин расмий сайтында бул тууралуу кеңири маалымат берилген эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин 2018-жылдын 4-мартында Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия Скрипалды орустун атайын кызматтары химиялык куралды колдонуу менен ууландырган деген кине коюлган. Бул боюнча эл аралык чоң чатак чыгып, расмий Лондон Орусиянын 140 дипломатын өлкө аймагынан чыгарып салган.

Copyright © 2017 Maral FM