Биз менен байланышыңыз

Скрипаль тууралуу китеп жарыкка чыкты

Дүйнө | 3 Окт 2018 | 902 | 0

Британиянын Солсбери шаарында ууланган тыңчы Сергей Скрипаль тууралуу китеп жарыкка чыкты. Бул эмгекти Би-Би-Синин кабарчысы Марк Урбан жазып, китеп тууралуу өзү эмгектенген  кызматка маалымат берди.

Автор Сергей Скрипаль менен бир нече ирээт жолукканын айтып, китепте тыңчынын уулануудан мурунку жана кийинки жашоосун чагылдырган. Анын айтымында,  Орусия тараптын максаты бир гана Скрипаль болгон эмес. Алар өлкөдөн качып чыккан мурдагы бардык тыңчыларды кайра кайтарып, кармоону көздөшкөн. Бирок Британиядагы ууландыруу кылмышы ачылып калып, максаттары кыйроого учурады.

Эскерте кетсек, Орусиянын Борбордук чалгын кызматынын мурдагы мүчөсү Сергей Скрипаль менен кызы Юлия ушул жылдын март айында ууланышкан. Көп өтпөй Англия тарап бул ишти орусиялык эки жаран кылганын айтып чыгып, Кремль менен дипломатиялык мамилесин биротоло үзгөн болчу. Бирок  орус бийлиги бул айыптоону четке кагып келет.

Copyright © 2017 Maral FM