Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык милициянын кызматкери пара менен кармалды

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 667 | 0

15-февралында УКМК  ИИМдин Ички тергөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иштеринин алкагында 600 доллар пара алып жаткан жеринен Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперативдик кызматкери, милициянын майору С.К. кармалды. Пара алуу ишине аралашкан деп 1988-жылы туулган А.К., 1975-жылы туулган И.Н. аттуу жарандар да кармалышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кылмыштуу топтун негиздөөчүсү С.К. Кыргызстандын жарандарына наркотикалык каражаттарды жашыруун түрдө таштап коюп, андан кийин аларды опузалоо аркылуу туруктуу схема түзүп алып мыйзамсыз байыгандыгы аныкталды.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 12-февралында УКМКга А.А. аттуу Кыргызстандын жараны белгисиз адамдар өздөрүн Бишкек ШИИБдин кызматкерлерибиз деп тааныштырышып, кылмыштык куугунтуктоону токтотуу үчүн 1000 доллар талап кылып жатышканын айтып, аларга каршы чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык (опузалап пара талап кылуу) кылмыш иши козголду. Кармалгандар УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалып, тергөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM