Биз менен байланышыңыз

Гүлнара Каримованын баласы Мирзиёевден жардам сурады

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 782 | 0

Өзбекстандын туңгуч президентинин Лондондо жашап жүргөн улуу небереси Ислам Каримов үй камагында жаткан апасы Гүлнара Каримованын ден соолугу начар экенин билдирди. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ислам Каримов апасынын ден соолугу начарласа дагы ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын айтып чыкты. Ал социалдык баракчасы аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, апасынын айланасындагы абалга көңүл буруп коюусун өтүндү.

«Кичинекей кезимден бери жакшы билген адам катары, өзүн чоң атамдын шакирти катары эсептеген президентке кайрылгым келет. Карындашым экөөбүздү угуп, бул маселеге көңүл буруп коюңузчу!» — дейт Каримованын уулу.

Copyright © 2017 Maral FM