Биз менен байланышыңыз

Өкмөт түтүнгө ууланган үй-бүлөгө 100 миң сом бөлдү

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 669 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн натыйжасында иске балдары ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен бул үй-бүлө жашаган «Келечек» конушундагы үй толугу менен өрттөнүп кеткен. 12-февралда, Бишкек шаарындагы Балдардын медициналык тез жардам көрсөтүүчү клиникалык ооруканасынын реанимациялык бөлүмүндө жаткан Таштанбековдордун үч баласынан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кабар алып келген.

Бүгүнкү күнү балдардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. №3 балдар ооруканасынын медициналык кызматкерлери аларга күнү-түнү медициналык кам көрүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM