Биз менен байланышыңыз

Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өкмөттүн жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 621 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүүдө.

Учурда өкмөт мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын 2018-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселе каралууда.

Отурумдун күн тартибиндеги маселелер боюнча экономика министри Олег Панкратов баяндама жасайт.

Ал эми президенттин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде өлкөнүн региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу маселе боюнча биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кошумча баяндама жасашат.

Copyright © 2017 Maral FM