Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көчөттөрдү сата турган чоң базар ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2019 | 1018 | 0

Келечекте Бишкек шаарында көчөттөрдү сата турган чоң базар ачылат. Бул тууралуу Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ырысалы Жаналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыр бак-дарак, гүлдөр жана башка өсүмдүктөрдүн көчөтүн сата турган түйүндөрдү ачууга убакыт тар. Анткени эл көчөттөрдү сатып алып жаткан мезгилде мэрия шаарды жашылдандыруу менен алек болуп калат. Ошондуктан келечекте мэрия чоң эле көчөт саткан базарды ачууну пландоодо.

-Шаарда Щербаков №38 дарегинде мэриянын көчөтканасы бар. Ал жайды келечекте чоң базарга айлантууну пландап жатабыз. Анда бак-дарактын, гүлдүн бардык түрү сатылат. Базар ачылган соң телеканалдардан чоң жарнама кылабыз. Андан соң элдин баары маалымдар болуп, көчөттү кайдан сатып алуу керектигин билип калышат. Учурда бул базарды ачуу пландаштырылып жатат. Быйыл үлгүрүп калсак, күзгө чейин ачылып калат. 

Ырысалы Жаналиев кошумчалагандай, жаңы ачыла турган базардагы көчөттөр шаардыктарга кепилдиги менен сатылмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM