Биз менен байланышыңыз

Социалдык фонд 2018-жылы 42 млрд сом пенсия берди

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 576 | 0

2018-жылы  42 млрд 430,1 млн сом өлчөмүндө пенсия жана башка коомдук төлөмдөрдү төлөө каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйында маалымдашты.

2017-жылга салыштырмалуу пенсия жана башка коомдук төлөмдөрдү төлөө 3 млрд 476,7 млн сомго өскөн.

2019-жылдын 1-январына карата пенсия алуучулардын саны 651,9 миң адамды түзөт. Алардын 332,7 миңи «Кыргызпочтасы» аркылуу алса, 329,3 миң адам пенсияларын банктар аркылуу алышат. 2017-жылга салыштырмалуу пенсия алуучулардын саны 18,1 миң адамга өскөн.

Пенсиянын орточо өлчөмү 5 682 миң сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM