Биз менен байланышыңыз

«Дыйкандарга берилген насыялар 100% кайтарымдуу болууда»

Коом , Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 585 | 0

Буга чейин Айыл чарбасын каржылоо долбоорлорунун алкагында берилген насыялардын кайтарымдуулугу 100 пайыз аткарылууда. Мындай маалыматты Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дыйкандар алган насыясын даректүү жумшап, натыйжалуу колдонууда. Бул жылы «Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоору менен бериле турган насыялар асыл тукум чарбаларын көбөйтүүгө, үрөнчүлүккө жана кайра иштетүү ишканаларына пириоритеттүү каралууда.

-Буга чейин мал чарбасында малдын туягын көбөйтүп келсек, эми порода, асыл тукумга өтүп жатабыз. Башкача айтканда, сандан сапатка өтүүдөбүз. Аталган багыт менен алектенген фермер, дыйкандар насыяны жеңил ала алышат.

Эске салсак, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 2013-жылдан башталган. Былтыр “Айыл чарбасын каржылоо — 6” долбоорунун алкагында дыйкандар менен фермерлерге 5,6 млрд. сомдон ашуун суммада жеңилдетилген насыялар берилген. Быйыл деле өткөн жылдагыдай сумма каралган.

Copyright © 2017 Maral FM