Биз менен байланышыңыз

Ирандагы теракттан 41 киши мерт кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 833 | 0

Ирандын түштүк-чыгышында ири жардыруу болуп, натыйжада 41 киши каза болду. Бул тууралуу Fars басылмасы кабарлады.

Басылманын билдиришинче, көз жумгандардын арасында Иран мамлекеттик төңкөрүш тобунун (КСИР) аскерлери жана жай тургундар бар. Мындан сырткары ондогон жарадарлар да катталган.

Терактты аймакта ишмердүүлүк жүргүзгөн «Жейх аль Адль» террордук тобу мойнуна алды.

Эске салсак, аталган топ буга чейин дагы бир топ кандуу теракттарданы жоопкерчилигин алган болчу. 2010-жылы пайда болгон топ ушул жылдын январь айында жана өткөн жылдын октябрь айында да жардыргыч зат менен Иран куралдуу күчтөрүнө сокку урушкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM