Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновду кабыл алды

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 516 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда өлкөнүн Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жанат Бейшенов 2018-жылы өлкө боюнча жалпы узундугу 81,4 км жолго асфальт төшөлгөнүн билдирди. Ошондой эле 2019-жылы Жол чарба департаменти тарабынан республиканын 40 районунда жалпы узундугу 123 км ички жолдорго асфальт төшөө боюнча долбоор даярдалып жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков жол-транспорт инфраструктурасын, анын ичинде темир жол жана авиа каттамдарын өнүктүрүү, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу маселелерин тез арада чечүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков ар бир райондо жыл сайын 3 чакырымдан кем эмес жолдорду салуу же ремонттоо тапшырмасы коюлганын эскертти.

Мамлекет башчысы Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупцияны жоюу боюнча иштерди күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушуунун аягында Сооронбай Жээнбеков «бешинчи даражадагы аба эркиндиги» саясатына байланыштуу жарандык авиацияны жана ички каттамдарды өнүктүрүү, аба майдандарды модернизациялоо, авиа коопсуздугу боюнча ченемдик актыларды заманбап стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM