Биз менен байланышыңыз

Нышанов: Эки ажону элдештирүүгө эми кеч

Коом , Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 1000 | 0

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевди элдештирүү кеч болуп калды. Мындай пикирди депутат Сайдулла Нышанов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын баамында, мыйзамдын чегинде кимдин күнөөсү болсо жазасын алуусу керек. Эгерде күнөөсү жок болсо, сотто акталуусу зарыл.

-Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү бүткөндөн кийин бийликти өткөрүп бергени мени ынандырды. Бул Кыргызстанда гана эмес Орто Азияда үлгү калтыра турган көрүнүш. Мындай окуя тарыхта болгон эмес. Азыр депутаттардын бир бөлүгү азыркы президентти колдоп жатат. Экинчи бөлүгү экс-президентти жактоодо. Муну сыртка чыгарып алдык. Башында анча-мынчаны кечиришип койсо деле болмок. Аларды элдештирүүгө эми кеч болуп калды. Аны мыйзамдын талаасында чечишсин.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин тиреши 2018-жылдын жаз айларында ачыкталган. Серепчилер убакыт өткөн сайын алардын тиреши тереңдеп келүүсүн белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM