Биз менен байланышыңыз

Абдраимов Атамбаев менен жолукканын четке какты

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 518 | 0

Экс-президент Алмаз Атамбаев Дубайда эс алып жүргөндө жанына өкмөттүн  Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Туйгуналы Абдраимов  учуп барып келгенин жергиликтүү маалымат булактарында жазылды. Бул маалыматты Туйгуналы Абдраимовдун жардамчысы төгүндөдү.

Жардамчысынын айтымында, аталган маалыматты өзү дагы интернеттеги сайттардын биринен окуган. Бирок анда жазылган маалыматтардын баары жалган экенин кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, жергиликтүү маалымат булактарында Туйгуналы Абдраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге аны өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен элдештирүүгө аракет кылып жатканы жазылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM