Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин саясатка кайтуу дымагы күч

Саясат | 22 Фев 2019 | 990 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесинин баш сабында турат. Партия өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө, тизме бай эмес, карапайым калктан түзүлөт. Бул боюнча Бишкекте 6-апрелде партиянын съезди өткөрүлмөкчү. 

22-февралда Бишкекте «Медиа-форум» имаратында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын маалымат жыйыны болду. Ага партиянын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев жана партия мүчөлөрү катышты.

Басма сөз жыйынында Алмазбек Атамбаев партиянын курамы жаңылана турганын айтты.

-Биздин партия эч качан күчүн жоготпойт. Эл арасында «Бир күнү Атамбаев мамлекетти башкарууну өткөрүп бергендей, партиясын да өткөрүп берет,»- деген сөз болуп жатат. Бирок андай эмес, азыр партияны таштап кетпейм. Убагы келет, ошондо өткөрүп берем. Мага президенттик шайлоо сабак болду. Биздин курам жаңылануу менен күчтөнө берет.

Белгилүү болгондой, партияда жаңылануу этабы башталды. Ага ылайык, партиялык тартипти күчөтүү, жер-жерлердеги иштерди активдештирүү каралууда. Жалпылап айтканда, жаңы форматтагы заманбап партия түзүшмөкчү. Бул тууралуу партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова төмөндөгүлөргө токтолду:

-Партиянын планы — баштапкы уюмдары менен КСДПнын борбордук органдарынын ортосундагы өз ара байланышты бекемдей турган туруктуу институттарды түзүү. Учурда партиянын катарында кимдер туруктуу болуп калганы баарына эле маалым. Ошентсе да партия күчүндө кала берет. 2010-жылдан бери 17-мартта биздин партия чогулуштарды өткөрүп келет. Ошонун алкагында быйыл да болот.

6-апрелде КСДПнын кезектеги 18-съездди болмокчу. Ага даярдык көрүү үчүн жети комитет жана бир кеңеш түзүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын артында ким турганы баарына маалым экенин айтты. Ал партияда кандай абал болсо да андан кетпей тургандыгын, оюн өзгөртүп тургандардын катарына кирбестигин белгиледи.

-Атамбаев үй-бүлөлүк башкарууга каршы турган президент болду. Муну ал иш жүзүндө көрсөттү. Мындан кийинки президенттердин мөөнөтү бүткөндө кандай жол менен бийликти өткөрүп берээри азырынча белгисиз.

Маалымат жыйында учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин пикир келишпестиги тууралуу да сөз козголуп, бул партияны бөлүп жарууга алып келгени айтылды.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын башында турган Сагынбек Абдырахманов Атамбаев партия башында туруп, парламенттик шайлоого катышса, анда элдин эки пайыз колдоосуна да ээ боло албай деп ойлойт.

Алмазбек Атамбаев акыркы 7 жылда элди алдап, өлкөнү карызга батырып, коррупцияны гүлдөткөндөн кийин ага ким ишенетЭ? Эгерде Атамбаев КСДПнын башында турса, шайлоодо элдин эки пайыз добушун дагы ала албайт. Биз партиядан Атамбаевге окшогондорду тазаласак гана КСДПга эл ишенип, колдойт.

Деген менен, экс-президент туура саясат жүргүзө баштады дегендер жок эмес. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Атамбаев башка президенттерге окшоп өлкөдөн качпай, партиясын тазалоого киришкенин туура көрдү.

-Азыр Алмазбек Атамбаев өлкөдө калып, партиясын кайрадан башкарып жатканы жакшы. Бул партия бийликте болгон, баардык жагдайларды жакшы билет. Ошону үчүн азыр оппозицияда иштей берген жакшы болот. Бул саясий маданияттуулук деп эсептелет. Президент бийликтен кетсе анын партиясын жок кылган туура иш эмес.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы 2-3 ай аралыгында партияда чоң өзгөрүүлөр болорун билдирген. Ал президенттик кызматты аркалап турган убакта саясаттан кете турганын көп эле жолу айткан.

Copyright © 2017 Maral FM