Биз менен байланышыңыз

Трамп менен Си Цзиньпин мартта жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 714 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпин марииа Флоридадагы президенттик резиденцияда жолугушу мүмкүн. Бул тууралуу Axios басылмасы жазды.

Анда Акүйдөгү кишилер эки тараптын ортосундагы соода согушун соңуна чыгаруучу жолугушууга эң ыңгайлуу жай деп Флориданын түштүгүндөгү Мар-а-Лаго резиденциясын атап жатканы айтылат.

Ошондой эле экинчи вариант катары Пекин дагы каралууда. Кантсе дагы жолугушуунун жери жана күнү боюнча акыркы чечим жарыялана элек.

Эске салсак, ноябрь айында Трамп Кытай-АКШ соода согушуна үч айлык мораторий жарыялап, эгер үч айлык «тынчтык» учурунда тиешелүү макулдашууларга келе албаса, санкциялар кайрадан башталарын эскерткен болчу.

Copyright © 2017 Maral FM