Биз менен байланышыңыз

Ошто масштабдуу марафон өтөт

Кыска кабар | 10 Фев 2019 | 824 | 0

Ош шаарыны мэри Таалайбек Сарыбашов “Тонус” коомдук фондунун директору Урмат Насыкулов жана ФИФА судясы Бахадыр Кочкаров менен менен жолугушуу өткөрдү.
Бул туурасында Кабар агенттиги жазды.
Жолугушууда эки тарап жаз айларына пландалган жеңил атлетика боюнча марафонду талкуулады.

“Биз өлкө боюнча спорттук ири иш чараларды өткөрүп турабыз. Акыркы уюштурулган марафонго 2000ден адам спортчу катышкан. Катышуучулардын көпчүлүгү Оштон келип, Ош шаарында да спорттук мелдештерди өткөрүүбүздү суранышат. Ошондуктан ар бир каалоочу чоң марафонду Ош шаарында өткөрүү демилгеленген,”- деп белгиледи “Тонус” коомдук фондунун директору Урмат Насыкулов.

Кошумчаласак, пландалган “Ош деми” аталышындагы 10 километрдик чуркоо жазында өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM