Биз менен байланышыңыз

«Түндүк агым-2» боюнча келишим түзүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2019 | 831 | 0

Брюсселде өткөн саммитте Германия менен Франциянын өлкө жетекчилиги орусиялык газ өтмөк «Түндүк агым-2» долбоору боюнча олуттуу келишимге келишти. Бул тууралуу Ангела Меркел маалымат жыйында билдирди.

«Газ өтмөгү боюнча маанилүү келишимге келдик. Мындай жетишкендик Германия менен Франциянын жакшы мамилеси жана тыгыз кызматташтыгынын аркасында ишке ашты. Ошондой эле буга Румыния жетекчилиги жана Евробиримдиктин башка мүчөлөрү оң таасир тийгизишти»,-деди Меркел.

 Келишимдин ички шарттарын жана башка деталдарын азырынча ачыктаган жок.

8-февралда Евробиримдиктин өкмөт башчылары Брюсселде «Түндүк агым-2″ге байланыштуу газ өтмөгү тууралуу директивке оңдоо-түзөө киргизүү учүн чогулушту. Аталган директив 2017-жылы эле түзүлгөнүнө карабай, аны кабыл алуу Австрия жана Болгариянын биримдикке төрагалык кылган кезинде улам артка жылып олтуруп, Румыниянын кезегиндеги чогулушта каралды.

Оңдоп түзөөлөр боюнча, орусиялык мамлекеттик «Газпром» ишканасы газ өтмөгүн көзөмөлдөө функциясынан баш тартып, аны көз карандысыз компанияга өткөрүп бериши керек. Ошондой эле долбоордун баштапкы версиясындагы сунушталган кубаттуулугунун 50 пайызын гана ишке киргизе алат.

Эске салсак, «Түндүк агым-2» Орусиянын мунай жана газын Батыш Европага экспорттоочу өтмөк долбоору болуп, ири кубаттуулукта иштей турган механизм болмокчу. Анын курулушуна АКШ, Украина жана Польша сыяктуу бир нече мамлекет каршылыгын билдирип келет.

Copyright © 2017 Maral FM