Биз менен байланышыңыз

«Республика-Ата Журт» арзан турак жай маселесин талкуулайт

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 680 | 0

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңеште «Республика-Ата Журт» фракциясы өкмөттүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын ишке ашырылышы боюнча маселени карайт. Бул тууралуу аталган фракциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутаттар  «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн да талкуулашмакчы. Аталган маселелер боюнча вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана башка тиешелүү жетекчилер баяндама жасашат.

Эске салсак, буга чейин парламенттин жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциянын төрагасы Жыргалбек Турускулов өлкөдө арзан турак жай программасы жакшы жыйынтык бербей жатканын сындаган. Анын айтымында, өкмөт мындан төрт жыл мурун арзан турак жай программасын кабыл алган. Бул программанын негизинде дарыгерлер, маданият кызматкерлери, мугалимдер арзан турак жай менен камсыз болмок, бирок андай болбой жатат деген.

 

Copyright © 2017 Maral FM