Биз менен байланышыңыз

«Республика-Ата Журттун» шайлоо алдындагы 15 убадасы

Саясат | 8 Окт 2019 | 1854 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын парламентке келгенине 4 жыл болду. Бийликке келген 6 партиянын ар биринде өзгөчө программалары, өлкөнү аз убакта алдыга жылдырчу убадалары бар эле. Мисалга алсак, Жогорку Кеңешке 28 мандат алган «Республика-Ата Журт» партиясы шайлоо алдында «Эки палаталуу парламентти түзөбүз, мамлекеттик мекемелерди 2 эсеге кыскартабыз, педофилдерге өлүм жазасы кирет», — деген сыяктуу убадалары менен бирге, Кыргызстанды Азиянын жолборсуна айлантууга ант берген. Бул убадалардын канчасы аткарылып, кайсылары унутта калды? 

Убадалардан кыскача:

Бул — «Республика-Ата Журт» партиясынын 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында берген убадаларынын бир үзүмү. Айтылган сөздөр, берилген анттар аткарылганда эбак эле эл күткөн реформалар жүрүп, экономикада секирик болуп, ар бирибиз «жолборско» айланмакпыз. Сөз болуп жаткан партиянын 28 депутаты Жогорку Кеңешке келгенине 4 жыл болду. Эми ошол убакытта ооз көптүрө айтылган убадалардын канчасы аткарылганына сереп салалы.

Ипотека, айыл чарба кредити чечилди

«Республика-Ата Журт» партиясынан депутат болгон Таабалды Тиллаев: «Айтылгандардын жарымынан көбү ишке ашырылды», — деп эсептейт. Сөзү куру болбошу үчүн жүргүзгөн сурамжылоолорду мисалга тартты.

— Менин оюмча, убадалардын көпчүлүгүн аткардык. Негизги программа 15 мыйзамдын үстүндө болгон. Сурамжылоонун жыйынтыгында биздин убадалар 64 пайызга аткарылды. Ондон ашууну Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон. Маселен, ипотеканы, айыл чарба кредитин 10 пайыздан жогорулатпоо боюнча мыйзамдарды айтсак болот.

Оппозицияда калып, көп план орундалган жок

«Республика-Ата Журт» фракциясынын дагы бир депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, айтылган убадалардын 40 пайызы аткарылды. Бирок саясаттын нугу өзгөрүп, партия оппозицияда калгандыктан коюлган пландар толук ишке ашпай калды. Ошондой эле шайлоо алдында баса белгиленип айтылган «өлүм жазасын киргизүү» жана «мамлекеттик мекемелерди 2 эсеге азайтуу» эмне себептен ишке ашпаганын түшүндүрүп берди.

— Маселе туура көтөрүлгөн. Бирок өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияны өзгөртүү керек. Азыркы учурда бул аткарылбай турган маселе болуп калды. Ал эми мамлекеттик мекемелерди 2 эсеге азайтуу боюнча айтсам, Жогорку Кеңеш өзүнүн жардамчыларын кыскартып, унаалардан, жалпы эле артыкчылыктардан баш тартты. Бирок ошону менен эле чектелип, башка мамлекеттик органдарга бул ченем тийбей калды.

«Республика-Ата Журт» партиясынын шайлоо алдындагы сөздөрүндө «энергесектордо ортомчу компанияларды жок кылуу», «Конституцияны өзгөртүү» боюнча да убадалар берилген.

Партия реалдуулуктан алыс максаттарды койгон

Саясатчы Равшан Жээнбековдун ою боюнча, Жогорку Кеңештеги партиялар айтылган программаларынын 10 пайызын да аткарган жок. Анын кошумчалашынча, сөз болуп жаткан партия добуш алуу максатында, көбүн эсе популистик убадаларды берген.

— «Республика-Ата Журт» партиясы аябагандай чоң убадаларды берген. Энергетика тармагында, газ тармагында, маяна боюнча, иши кылып реалдуулукка жакындабаган көп убадалар айтылган. Аны убагында коомчулук, шайлоочулардын көпчүлүгү түшүнгөн эмес. Бирок, акыл-эстүү, билимдүү адамдар добуш алуу үчүн эле айтылган популистик сөздөр экенин билген. Жалпысынан, айткан сөздөрүнүн 10 пайызын, мүмкүн ага дагы жетпеген бөлүгүн гана аткарды. Демократиялуу, өнүккөн мамлекеттерде партиялар убадаларын берип, аткарбай калса, өлүп жок болот. Саясий өлүккө айланат. Бизге окшогон жакыр, бийликтин тегерегиндеги кошоматчылар чечкен мамлекетте убадаларын илең-салаң аткаргандар да кайра шайлоого бара берет.

Фракцияда ич ара бөлүнүү болду

Ал эми саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Республика-Ата Журт» фракциясында ич ара бөлүнүү байкалганын айтат. Анын белгилешинче, аталган фракцияга баса көктөп баа берүүгө негиз жок.

— Негизи эле «Республика-Ата Журттун» бул чакырылыштагы депутаттары менин эсимде экиге бөлүнүп, ич ара бир пикирге келише албаган, биримдиги жок фракция катары калды. «Республикадан» баргандар өзүнчө, «Ата Журттан» баргандар өзүнчө болуп калгандай сезилди. Принципиалдуу маселелер боюнча көпчүлүк коалиция менен бирге иштеп жаткандай туюлду. Негизи эле өзгөчө баа берүүгө себеп жок.

«Республика-Ата Журт» партиясынын шайлоо алдындагы программасы 15 мыйзамды негиз катары көрсөткөн. Аткарылгандардын катарына «Алыскы аймактарга инвестиция тартуу жөнүндө», «Үч тилди окутуу жөнүндө» жана «Депутаттарга берилчү артыкчылыктардан баш тартуу жөнүндө» мыйзамдарын да кошсок болот.

Copyright © 2017 Maral FM