Биз менен байланышыңыз

Депутат Турускулов Улуттук энергохолдинг компаниясына катуу сын айтты

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 589 | 0

Аталган ишкананын түзүлгөнүнө 3,5 жыл болду, бирок ошондо берилген убадалар аткарылган жок, оӊ натыйжалар да байкала элек. Мисалы, ушу тапта өлкөнүн энергетика тармагынын карызы 100 млрд. сомдон ашты. Энергокомпаниялардын жоготуусу 1,5 млрд. кВт/саатка жетип, чыгымы 2 млрд. 100 млн. сомду түздү.

Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов «Республика — Ата-Журт» фракциясында тоо-кен, энергетика тармактарынын азыркы абалы жана аларды өнүктүрүү жолдору боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда айтканын Парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Фракция башчысы Улуттук энергохолдинг компаниясынын азыркы жылдык бюджети 74 млн. сом көлөмүндө бекитилгенин, ал Энергетика министрлигинин тушунда 22 млн. сом менен эле иштеп келгенин белгиледи.

«Ири өлчөмдө каражат каралып жатканына карабастан, жакшы натыйжа жок. «Электр станциялары» ишканасынын кирешеси былтыркыга салыштырмалуу 3 млрд. 600 млн. сомго азайды. Токтогул суу сактагычында былтыр 19 млрд куб/метр суу болсо, 15 млрд. куб/метр гана суу топтолду. Демек, жагдай жакшы эмес», — деди Жыргалбек Турускулов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов быйыл суу тартыштыгы башталганын, ал 3-5 жылга чейин созулушу мүмкүн экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM