Биз менен байланышыңыз

Казакбаев УКМКнын жетекчиси Кадыркуловго кайрылды

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 1558 | 0

«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев «Марал» радиосуна маек берип жатып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Идрис Кадыркуловго кайрылды. Ал саясатчы Өмүрбек Бабановго козголгон иш саясий экенин айтып, анын өлкөгө кайтып келишин, тарапташтарынын тосуп алуу үчүн аянтка чыгып жатканы бийликке карата саясий кысым эмес экенин эскертти.

Бийликке саясий кысым, ультиматум коюлган жок. Мен ушул убакыттан пайдаланып, УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркуловго, Ички иштер министрлигине кайрылам. Бизде көпчүлүк убакытта чагымчылдыкты көчөдө эмес, же үчүнчү жактагы саясий күчтөр эмес, укук коргоо органдары жасап жатышат. Же бийликте отурган кээ бир «бөрк ал десе, баш алгандар» чагымчылык жасашууда. Ал эми Конституцияга ылайык, эл өз оюн билдиребиз десе, же аны митинг деп атап койсо, андан коркпош керек. Бул демократиялык өлкөдө кадимки көрүнүш болуп калышы керек», — деди Казакбаев.

Эл өкүлү кошумчалагандай, Бабанов өлкөгө келүүдөн баш тартпайт, бул — анын жеке чечими. Аны туугандары аэропорттон, тарапташтары борбордук аянттан тосуп алат.

«Ал эми Биринчи май райондук администрациясынын митингди чектөөсү туура эмес. Мындай чектөөлөр башка шаарларда да башталды. Ошондуктан укук коргоо органдарынын жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери чагымчылдык жасабасын», — дейт депутат.

Биринчи май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Бабановдун колдоо митингин өткөрө турган жерди чектөө боюнча маселе караларын кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM