Биз менен байланышыңыз

Бюджетти «байытпаган» мамлекеттик ишканалар

Саясат | 21 Июн 2019 | 673 | 0

21-июнда «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында Өкмөттүн үлүшү бар мамлекеттик ишканаларды, акционердик коомдорду жана улутташтырылган объекттерди башкаруунун натыйжалуулугу, ошондой эле, фракциянын чечимдеринин аткарылышы боюнча маселе каралды. Жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров башында турган Өкмөт мүчөлөрү катышты. Маалыматка ылайык, 2018-жылга карата мамлекеттик ишканалардан 951,4 млн сом киреше түшкөн. 

2017-жылга карата иштеген мамлекеттик ишканалардын саны 99 болсо, иштебей туруп калгандары – 780. Ал эми 2018-жылга карата мамлекеттик ишканалардан 951,4 млн сом киреше түшкөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 27 млн сомго көп. Бир аз көбөйүү байкалгандыгын «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов билдирди.

Мындан сырткары, фракция лидери «Дастан» ишканасы, «Манас» эл аралык аэропорту, «Ысык-Көл-Аврора» санаторийи сыяктуу ишканалардан бюджетке каражаттар аз түшө баштаганына көӊүл бурду.

Ал эми депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, 2018-жылы жогоруда аталган санаторийден болгону 1,3 млн сом түшүп, тагыраак айтканда, айлык сумма 105 миӊ сомду гана түзгөн. Эл өкүлү ишкананын кирешесин көбөйтүүгө реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгилеп, кандай аракеттер жүрүп жаткандыгына кызыкты.

— «Ысык-Көл — Аврора» санаторийине 2018-жылга 89 миллион 450 миң сом киреше кирсе, 86 миллион 735 миң сом чыгаша чыккан. Болгону 1 миллион 264 миң сом киреше болуп жатат. Санаторийлерде канча киреше болсо, ошончо чыгаша бар. Ал эми «Солнышко» пансионатында 18 миллион сом киреше кирип, 17 миллион сом чыгаша чыккан. Өзүбүз да көрүп жүрөбүз, мамлекет жарымын ачык жүргүзсө, жарымын жабык жүргүзөт. Мисалы, бугалтериялар. Бөлөкчө механизмдерин иштеп чыксаңыздар болбойбу?

Өкмөттүн айтымында, мамлекеттик ишканаларды иштетүү боюнча жаңы механизмдер 13-майда бекитилген. Мүмкүнчүлүккө жараша четинен иш башталууда.

Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн 168 миллион сом аз. Бул сумма жеке менчик ишканалардын бир айлык кирешеси. Мындай пикирин депутат Таабалды Тиллаев билдирди. Ал ошондой эле, «Караван сарайдын» бүгүнкү абалына кызыкты.

— «Караван сарай» боюнча маселени депутаттар кечээ да көтөргөн. Биз мамлекетке өткөргөнгө чейин ижара акы канча төлөнгөн экен, мамлекетке өткөн соң азыр канча? Бизге берип жаткан киреше боюнча маалымат барбы?

Түлөбердиев: — Биздин имараттар салыштырмалуу кичине. Ошондуктан, пайда азыраак. «Караван сарайы» боюнча мурунку маалымат бизде жок. 2018-жылы 70 миллион 621 миң сом түшкөн. Ижарадан ай сайын 6-7 миллион сом алып турабыз. Ижарадан түшкөн акчанын 30 пайызы бюджетке дароо кетет. 20 миллионун өзүнө алат. Чыгымдары эсептелип, кошумча которууларын чогуу эсептегенде, 70-40 миллион сомдун тегерегинде бюджетке которот.

Кара-Суудагы «Тураталы» базарында акыркы жылдары өсүш байкалбайт. Эл өкүлү Айбек Алтынбеков ал жерде Бакиевдердин убагындагы система жоюла электигин айтып, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиевди «балким, системага тиешеңиз бар», — деп сындады.

— Кара Суудагы «Тураталы» базарынын мамлекетке тиешелүү бөлүгү 12 гектардан турат. Калгандары башка. 2015-2018-жылдары жылына 15-16 миллион сомдун тегерегинде пайда түшкөн. Бул базарды 2000-жылы Мамлекеттик мүлк фонду сатып жиберген. Кийин Бакиевдердин убагында кайра мамлекеттин эсебине алынган. Ошондо коюлган система дагы деле иштеп келатат. Бакиевдер түзөн «сол чөнтөккө соломой» дале бар. Балким, сиз да ошол акчадан алып жаткандырсыз?

Ренат Түлөбердиев өз жообунда системага катыштыгы жок экендигин белгилеп, киреше акыркы 2018-жылы бир миллионго өскөндүгүн маалымдады.

— Сиз айткан иштерге тиешем жок. Билесиздер ал жерде бир нече базар бар. «Тураталы» базарынын акыркы үч жылдагы кирешесин айтайын: 2016-жылдын таза пайдасы 3.33 миллион сом, 2017-жылдыкы 3.44 сом, 2018-жылдыкы 4.5 миллион сомду түзгөн. Тагыраагы, 1 миллион сомго өскөн.

Ал арада Өкмөттө мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин 2018-жылга жана быйылкы жылдын 5 айына карата жыйынтыгы талкууланды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көпчүлүк мамлекеттик менчик объектилердин кирешеси төмөн бойдон экенин сындады.

Абылгазиевдин айтымында, 106 мамлекеттик ишкананын 51и кирешелүү эмес. 52 акционердик коомдун ичинен 22 компания киреше алып келбейт. Ошондуктан, ар бир объекттин ишин карап чыгуу керектигин айтты.

106 мамлекеттик ишкананын 51и кирешелүү эмес. 52 акционердик коомдун ичинен 22 компания киреше алып келбейт. Бюджетке жана экономикага пайда алып келбеген бардык мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү зарыл. Жакын арада Экономика министрлиги, Мүлктү башкаруу фонду экөөңөр бир айдын ичинде, өкмөттүн чечимине ылайык ишенимдүү башкаруу боюнча механизмдерди иштеп чыгышыңар керек. Эң биринчи менеджерлерди тартуу жөнүндө. Балким ошол ишкананын башкаруу боюнча программасын иштеп чыгат.

Кошумчалай кетсек, «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Чечим мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды.

«Улуттук башкаруучу компания» кыргыз мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM