Биз менен байланышыңыз

Султаналиев: “Энергохолдингди” жойбой, энерго-компанияларды бириктириш керек

Күн чекит | 1 Мар 2019 | 880 | 0

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы “Энергохолдинг” мамлекеттик ишканасын жоюу маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Фракция өкүлдөрү аталган ишкана мыйзамсыз экенин айтып, Энергетика министрлигин кайра түзүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Мындай кайра куруу иштеринин курч зарылчылыгы барбы? Энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиевдин пикирин уктук.

-Эмне себептен “Энергохолдинг” мамлекеттик ишкананы Энергетика министрлигине алмаштыруу маселеси көтөрүлүп жатат?

-Биринчиден, Энергетика министрлиги – мамлекеттик саясатты ишке ашыра турган орган. Чарбачылыкка киришпейт. Энергохолдинг — түздөн-түз чарбачылыкты көзөмөлдөй турган орган. Жумушту кыйындатып турган орган. Ар бир орган өзүнүн маселесин туура чечпей жатат. Мамлекеттик комитет менен Энергетика министрлигинин милдети бир. Мамлекеттик саясатты ишке ашырат. Андыктан азыр мисалы министрликти улуттук холдинг менен алмагштыруу туура эмес. Эксперттер менен Энергетика министрлигине айландыруунун кереги жок.

-“Энергохолдинг” ишканасы билдиргендей, 2015-жылы бюджети 7 млрдды түзсө, азыркы учурда 1,2 млрдга түштү. Буга макулсузбу?

-Макул элемин. Чарба иштерин туура жүргүзүүнүн натыйжасында мындай жетишкендиктерге ээ болдук. Башынан Энергохолдингди мыйзам ченемдүү орган катары түзүш керек. Азыркы кезде аталган органдын каржы булагы чечилбей, иши кыйындап жатат.

-Рынок шартында кайсы мекеменин зарылчылыгы бар?

-Рынок шартында Энергохолдингдин калышы туура болот. Анткени ал чарбачылык иштерин жүргүзүп жатпайбы.

-Ал эми Энергетика министрлигин түзүү – бюджетке оорчулукту туудурбайбы?

-Эч кандай оорчулук болбойт. Анткени азыркы отун-энергетика боюнча мамагенттикти министрлик кылып түзсө болот. Имараты, адистери, бардык шарттар бар.

-Демек, маселе тескерисинче “Энергохолдингди” мыйзамдуу орган деп таап бардык энерго-компанияларды бириктирүү керек болуп калат да…

-Туура. Мурда “Кыргызэнерго” болгон. Электрди өндүрүү, жеткирүү, сатуу иштерин бир эле орган караган. Бул жол бюджеттин чыгымын да азайтат. Кийин эле акционердик коомдорго бөлүнүп кетпедиби. Анын кереги жок.

-Рахмат.

Маектешкен Асель Акматалиева

Copyright © 2017 Maral FM