Биз менен байланышыңыз

Өмүркулов: Улуттук энергохолдинг компаниясын жоюш керек

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 603 | 0

«Улуттук энергохолдинг компаниясынын кимге кереги бар? Ал коррупциялык схема менен эле түзүлгөн. Менимче, аны жоюш керек. Өкмөт эки ай аралыгында анын тагдыры боюнча так жообун берүүгө тийиш», — деди Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов Улуттук энергохолдинг компаниясы боюнча өткөрүлгөн бүгүнкү жыйында.

Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан менен биргелешип ишке ашыра турган CASA-1000 долбоорунун алкагында 3 эл аралык каржы уюмдары менен 133 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя алуу боюнча макулдашуулар бар. Келишим 2018-жылдын октябрь айында күчүнө кирди.

Жогорку чыӊалуудагы жаӊы энергетикалык тутумдун жалпы узундугу 450 чакырымды түзөт, анын 125 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүгө тийиш.

Келишимге ылайык, Кыргызстан энергетикалык тутумга жылдын май-октябрь аралыгында 1,5 млрд кВт/саат электр энергиясын бериши керек. Кыргызстандын электр энергиясын 3,5 центтен экспорттоого 15 жылдык кепилдиги бар. CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жүрүмүн Өнөр жай, энергетика комитети көзөмөлдөйт.

Copyright © 2017 Maral FM