Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк бир айда 18,8 млн доллар сатты

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 592 | 0

2019-жылдын январь айында Кыргызстандын алтын валюталык резерви 15 миллион долларга жакын өстү. Бул тууралуу Улуттук банк жайгаштырган маалыматта айтылат.

Январь айында Улуттук банк жалпы жонунан 18,8 миллион доллар саткан.

Декабрдын аягында алтын валюталык резерв 2 миллиард 155 миллион 460 миң доллар деп бааланган. Бир айдан кийин 2 миллиард 170 миллион 440 миң долларды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM