Биз менен байланышыңыз

Жемкорлук боюнча 288 кылмыш иши козголгон

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 432 | 0

2018-жылы Кыргызстанда коррупция фактысы боюнча 288 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кенешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.  Ал Коопсуздук кеңешинин жемкорлукка багытталган ишинин былтыркы жылкы жыйынтыгын чыгарды.

Сагынбаевдин айтымында, козголгон кылмыш иши боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 7 миллиард сомго жакын.

«9 иш сотко жиберилди, 10 иш боюнча тергөө аракеттери аяктоо алдында турат. 82 кызматкерге айып тагылып, анын 44ү камакка алынды», -деди катчы.

Эске салсак, коррупция фактысы боюнча козголгон иштерден түшкөн каражат атайын эсепте которулууда.

Copyright © 2017 Maral FM