Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 694 | 0

Жалал-Абад шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, мыйзамсыз курал-жарак алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматына Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде мыйзамсыз сакталган курал бар деген кабар келип түшкөн. Маалыматты текшерүү үчүн милиция кызматкерлери Спутник кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине барган. Аталган даректеги батирдин ичинде 9 киши болгон. Алардын арасында бир жарандан башкасы мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча сот жообуна тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушкан.

Тинтүү маалында бир даана сайлуу ок атуучу курал, 10,65 калибрдеги 8 даана ок-дарылар алынды. Алынган далил буюмдарга баллистикалык экспертиза дайындалды. Тергөө учурунда, жогорудагы курал жана ок-дарылар, мурда тоноочулук жасап соттолгон 1988-жылы туулган Т.Ы. аттуу жаранга таандык экендиги такталып, ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ошондой эле Тергөө кызматы калган 8 атуул боюнча да тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Андан тышкары алардын арасындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 26 жаштагы Шарафидин уулу Замирбек мурда автоунаа же башка автомототранспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу, уурулук, тоноочулук жана киши өлтүрүү беренелери боюнча соттолгон. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №43 жатак колония мекемесинен качып, издөөдө жүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM