Биз менен байланышыңыз

Стамбулда 8 кабаттуу үй урап түштү (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 603 | 0

Стамбулдун Картал районундагы Орхантепе кварталындагы сегиз кабаттуу үй 6-февраль күнү күндүзгү 16:00 чамасында кулап түштү. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Бул тууралуу BBC түрк кызматы маалымдады.

Стамбул шаар мэриясынын айтымында кечки сегизге карата урандынын астынан эки кишинин денеси жана 7 жарадар чыгарылды. Мэр Али Йерликаянын айтымында урандынын астындагы дагы төрт киши менен сүйлөшүп жатышат, чыгаруу азырынча мүмкүн болбой жатат. Дагы кеминде 20 киши уранды астында калганы айтылууда.

«Каттоо кызматы менен байланышып, сегиз кабаттуу үйдө 14 батир бар болуп, 43 жаран жашаганы катталганын билдик. Имараттын астыңкы катында кийим тигүүчү ателье жайгашкан. Өкүнүчтүүсү, бул жерге 1992-жылы беш кабат салууга уруксат берилип, үч кабаты мыйзамсыз, ашыкча кошулган»,-деди шаар жетекчилиги.

Биринчи кабаттагы ательеде кырсык болгон күнү жумуш болбогонуна байланыштуу эч ким жок болгон. Бирок башка батирлерде канча киши кырсык учурунда болгону так аныктала элек. Ал эми имараттын алдында турган унаалардан кеминде экөө урандыда калды.

Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүүдө. Ага 59 куткаруучу адис, 5 куткаруучу ит жана унаалар ишке тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM