Биз менен байланышыңыз

Туск: Эч кандай плансыз эле «Брекситти» колдогондордун орду-Тозокто!

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 573 | 0

Евробиримдиктин башчысы Дональд Тусктун айтымында плансыз-мерчемсиз эле Британиянын биримдиктен чыгуусун каалагандардын Тозокто өзүнчө жайы бар. Ал мындай  ачуулуу билдирүүсүн   Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкар менен болгон жолугушуусунда айтты.

Анда Туск Британиянын биримдиктен чыгуусуна 50 күн калганын, тилекке каршы артка кайтууга жол жок экенин белгиледи.

«Улуу Британияда Евробиримдикте калууну каалагандар көп экенин билем. Бирок өкмөт башчы жана оппозиция лидери чыгууну чечкен соң башка арга жок. Биримдикте калуу демилгесин баштаган жигердүү лидер жана саясий салмак болбой жатат. Фактыны өзгөртө албайсың»,-деди биримдиктин жетекчиси.

«Бул сөзүң үчүн британ басылмаларында төө бастыга кабылар бекенсиң»,-деген ирландиялык премьердин сөзү оңунан чыгып, учурда Британия Дональд Тусктун сөзүн талдап-калчап жаткан чактары.

Анын сөзү Британиянын парламентиндеги «Брекситти» колдогон сенаторлордун кыжырын келтирди. Алар биримдиктин башчысын текебердикке айыпташууда.

«Башкача сөз колдонсо болбойт бекен? «Брекситти» жалпы элдин добушуна коюп, кабыл алганбыз»,-деген нааразылыктар айтылды.

Эске салсак, Британия 2016-жылы Евробиримдиктен чыгуу боюнча референдум өткөрүп, ал 51% менен колдоо тапкан. Бирок чыгуу боюнча эки тараптуу шарттар аткарылбай,ортодо пикир келишпестиктер орун алууда. Чыгуу 29-мартка пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM