Биз менен байланышыңыз

Алып сатарлар күйүүчү майды кымбат сатууда

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 474 | 0

Кыргызстанда күйүүчү май сатуучулар анын дүӊ баасынан жогору сатып жатат. Муну Монополияга каршы агенттик көзөмөлгө албай келүүдө. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дизелдик майдын дүӊ баасы 40 сом болсо, алып сатарлар 45 сомдон сатууда. Тиешелүү агенттиктин башчысы конфиденциалдуу маалымат деген шылтоо менен күйүүчү майлардын дүӊ баасын жашырып отурат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2018-жылы күйүүчү майдын баасы 10,7 пайызга өскөн.  Дизелдик күйүүчү майдын баасы 18,5% га, бензин 9,5% га өскөн. Өлкөгө күйүүчү май коңшу өлкө Казакстан менен Орусиядан ташылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM