Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» ишканасындагы жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебейт

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 501 | 0

“Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасындагы жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебейт. Бул тууралуу бүгүн аталган ишканасынын директору Канатбек Абдыкеримов Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.

Жыйында Абдыкеримов «Кыргыз темир жолун» модернизациялоодо стратегиялык милдеттердин бири  паркты жүк вагондор менен толуктоо болуп саналарына токтолду.

«Паркта болгон жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебейт. Социалдык жактан маанилүү болгон жүктөрдү ташуу үчүн жарым вагондорду сатып алуу маселеси курч турат»,- деди «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башчысы.

Мындан сырткары Абдыкеримов чарбалык субьектилердин керектөөлөрүн толугу менен камсыздоо үчүн 2019-жылдан  2025-жылга чейин 602 млн сомдон ашуун каражатка 200 жүк вагонун жана 60 жүргүнчү вагонун сатып алуу талап кылынарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM