Биз менен байланышыңыз

Өрттөн каза тапкан беш наристе жерге берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 1071 | 0

Казакстандын баш калаасында өрттөн каза болгон беш жаш бала бүгүн жерге берилди.

Аларды шаар жетекчилигинин өкүлдөрү, балдардын жакындары жана жүздөгөн шаар тургундары зыйнат менен узатышты.

Зыйнатты өткөрүү жана келтирилген материалдык чыгымдарды төлөп берүү жоопкерчилигин жергиликтүү бийлик мойнуна алган.

Эске салсак, 4-февралга караган түнү, саат 02:30 чамасында Астананын чеке белиндеги жаңы конуштардын бириндеги чакан турактан өрт чыккан. Ал кезде үйдүн чоңдору жок болуп, улуусу 12 жашта, кичүүсү бирге чыга элек беш наристе уктап жаткан. Өрт өчүрүүчүлөрдү коңшулар чакырып, кыска убакыт ичинде жетип келгенине карабай балдарды куткарууга жетишишкен эмес. Алар келген кезде тамдын чатыры кулап кеткен.

Маалыматка ылайык өрт мештеги оттон чыгып, наристелер иске ууланып жан беришкен. Ата-энеси болсо түнкү мөөнөттө иштеп, экөө тең жумушта болушкан.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар конуштун өрткө каршы коопсуздук чараларын текшерүүгө алып, балдардын ата-энеси менен психолог жана атайын социалдык адистер иштешүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM