Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак мугалимдери тажрыйба алмашты

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 577 | 0

Кыргызстандагы колледждердин директорлору казакстандык кесиптештеринин тажрыйбалары менен таанышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык коледждердин директорлору менен кызматкерлери орто кесиптик билим берүүдөгү модернизациялоо системасы менен таанышышкан.

Ошондой эле кош билим берүү, окутуунун сапаттык стандарттары, башкаруу жана кесиптик окутуу, ишкердиктин ыкмаларын үйрөтүү, модулдук программаларды киргизүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн артыруу боюнча талкуулашкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн колледждеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

 

Copyright © 2017 Maral FM