Биз менен байланышыңыз

Президент Кытай элин Жаз майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 463 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан маалымдашты.

Анда кыргыз-кытай мамилелери Си Цзиньпиндин аракетинин натыйжасында мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткени айтылат. Ошондой эле быйыл эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жылы болоруна ишенерин билдирген.

-Кыргыз тарап Кытай менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгилеп, ушул жылы Сиз менен жакынкы арада мамлекеттик сапардын жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жүз көрүшкөнгө ниеттенем, — деп Сооронбай Жээнбековдун телеграммасында айтылат.

Белгилей кетсек, Кытай бүгүн, 5-февралда Жаңы жыл-Жаз майрамын белгилөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM