Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Депутат үчүн 5 жылдык билим да аздык кылат

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2019 | 581 | 0

Юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Марал” радиосуна берген маегинде Жогорку Кеңеш көпчүлүк учурда жоопкерчилик албай жатканын билдирди.

Ал  депутаттар КТРКнын байкоочу кеңешине талапкер шайлоодо өздөрүнүн деңгээлин көрсөткөнүн айтат.

«Бул жерде КТРКда иштеп калган, өз көз карашын билдирген бирөө барып калса, өйдө-төмөн болуп калат деп ойлошту окшойт. Депутаттардын колу-бутун эч ким байлай албайт, алар шайлоого келгенде эркин болушат. Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлап жатканда өз эркин билдире албаган депутат эл өкүлү болбой эле койгону жакшы», — дейт Арабаев.

Анын пикиринде, парламентке депутат болуу үчүн даярдык керек. 5 жылдык юридикалык билим алуу дагы эл өкүлү болуу үчүн аздык кылат. Парламенттин сапаты жакшы болсо эл өкүлдөрүнө президент да, өкмөт дагы кийлигише албайт. Депутат жасаган иши, кыймыл аракети, кийген кийими менен элге үлгү болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM