Биз менен байланышыңыз

Катар Кыргызстанга аба каттамын ачууга жана жүк ташууга кызыктар

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 559 | 0

Тышкы иштер министиринин орун басары Нурлан Абдрахманов Катардын Транспорт жана байланыш министри Жассим Саиф Ахмед Аль-Сулаит менен Доха шаарында жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар кыргыз-катар кызматташтык мамилесин мындан ары кеңейтүү менен транспорт тармагында транзиттик жүк ташуу боюнча сүйлөшүштү.

Абдрахманов Кыргызстан-Өзбекстан-Түркменстан-Иран-Катар өлкөлөрунүн ортосунда транспорттук байланыш куруунун канчалык маанилүү экендигин белгилеп, соода-экономикалык байланыштын өнүгө турганына токтолду.

Ал эми Катардын Транспорт жана байланыш министри кыргыз-катар мамилесин бекемдөө менен эки өлкө ортосундагы аба каттамын ачуу жана жүк ташуу үчүн транзиттик коридор түзүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында кызматташтыкты тереңдетүү максатында жолугушууларды уюштуруу боюнча макулдашылды.

Copyright © 2017 Maral FM